Улуттук банк валюта рыногуна кийлигишүүгө себеп жок деп эсептейт

Жазылуу
Мамлекеттин валюталык резервинде 1 миллиард 950 миллион доллар бар экенин, бул интервенция үчүн жетиштүү болорун УБ төрагасы белгилейт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Валюта рыногуна Улуттук банктын кийлигишүүсүнө эч кандай себеп жок экенин мекеменин жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, улуттук валюта баасынын жогорулашына ички себеп жок. Теңге менен юандын девальвациясы менен орус рублинин арзандашы сомдун долларга карата жай төмөндөшүн шарттады.

"Азыр бизде алты айдан ашуун убакытка чейин жеткидей запасыбыз бар. Акча жетиштүү, эгер муктаждык жаралса, биз интервенция менен чыгууга даярбыз. Учурда мамлекеттин валюта резерви бир миллиард 950 миллион долларды түзөт", — деди Абдыгулов.

Төрага россиялык жана казакстандык кесиптештер катаал коридордон баш тартып, сомдун эркин курсун камсыздаган Улуттук банктан сабак алганын белгиледи.

Сомго карата доллардын, рублдин жана теңгенин курсу кандайча өзгөргөнүн Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0