Күз-кыш мезгилине даярдыкка 2,5 млрд. сом жумшалат

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКөмүр жүктөө. Архив
Көмүр жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, жетүүгө кыйын райондордо жашаган калкка электр энергиясы үчүн компенсация төлөөгө 78,2 миллион сом жумшалды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жыл башынан күз-кыш мезгилине даярданууга республикалык бюджеттен 2,5 миллиард сом бөлүнгөнүн Каржы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 1,3 миллиард сому жылуулук энергиясын субсидиялоого жумшалган. Анын ичинде "Кыргызжилкоммсоюз" мамлекеттик ишканасына бир миллиард 242,2 миллион, Ош шаарынын мэриясына 62,3 миллион сом бөлүндү.

"Республикалык бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин электр энергиясына 408,8 миллион, жылуулук энергиясына 277,5 миллон, жаратылыш газына 4,6 миллион жана көмүр камдоого 49,9 миллион сом бөлүндү", — деп айтылат билдирүүдө. 

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, жетүүгө кыйын райондордо жашаган калкка электр энергиясы үчүн компенсация төлөөгө 78,2 миллион сом жумшалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0