Баалуу металл менен алектенген ишкерлер атайы тизмеге алынат

© AFP / Sam PANTHAKYАлтын жасалгалоолор. Архив
Алтын жасалгалоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик атайы тизме баалуу металл жана баалуу таштарды сыртка соодалоо операцияларын туура жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Баалуу металл жана баалуу таштарды импорттоо жана экспорттоо менен алектенген юридикалык жана жеке жактар Каржы министрлигине караштуу баалуу металлдар департаментинин атайы тизмесине турушу керектигин аталган мекеме билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушунун натыйжасында Бажы бирикмесинин жана Евразиялык экономикалык комиссиялардын чечимин ишке ашыруу максатында көрүлүүдө. 

Министрлик атайы тизме баалуу металл жана баалуу таштарды сыртка соодалоо операцияларын туура жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0