Эмдиги жылы бюджет 27,3 млрд. сомго тартыш болот

© flickr.com / KMR PhotographyТизилген тыйындар. Архив
Тизилген тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылга карата мамлекеттин жалпы бюджетинин кирешеси 118,5 миллиард сом болушу болжолдонууда. 27,3 миллиард сом өлчөмүндөгү дефицит кредит жана карыз эсебинен жабылат.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Алдын ала божомолдорго ылайык, 2016-жылы бюджеттик таңсыктыгы 27,3 миллиард сомду түзө турганын өкмөт жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

2016-жылга карата мамлекеттин жалпы бюджетинин кирешеси 118,5 миллиард, ал эми чыгашасы 145,5 миллиард сом болушу болжолдонууда.

Көз айнек жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттин кирешеси былтыркыга караганда 3 миллиард сомго көбөйдү
Бюджет таңсыктыгын жабууга 27,3 миллиард сомдук каржылоо булактары каралган.

Ички булак болуп эсептелген баалуу кагаздарды сатуу, кредит, ссуда, карыз, ошондой эле мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана өкмөттүн эсебиндеги калдык акчанын эсебинен каражат түшүрүү пландаштырылган.

Каржы министрлиги дефицитти тышкы программалык займ, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана башка уюмдардан келүүчү каражаттын эсебинен жаба турганын маалымдайт.

Тышкы карызды жоюуга эмдиги жылы 6,1 миллиард сом бөлүнөт.

Республика бюджетинин киреше бөлүгү оңдоп-түзөөлөрдөн кийин 125 миллиард, ал эми чыгаша бөлүгү 136,8 миллиард сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0