Салыктарды интернет аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү жаралды

Жазылуу
Тажрыйба көрсөткөндөй, жарандар салыкты мөөнөттүн акыркы күндөрү төлөөгө аракет кылышат. Мындан улам салык органдарында жана банк кассаларында узун кезек пайда болууда. Андыктан бардык салыктарды өз мөөнөтүндө төлөө керектиги эскертилет.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Унаа каражаттары, турак-жайлар менен жер тилкелеринин ээлери кезек күтпөй өз убагында салык төлөө үчүн ыңгайлуу ыкманы тандап алууга мүмкүнчүлүк бар экенин Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Талапка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаты, 2-сентябрга чейин турак-жай, батир жана жер тилкелери үчүн салык төлөнүшү керек.

Маалыматка ылайык, салык төлөмдөрүн эми каалаган банк мекемесинин кассасына, байланыш бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдары менен интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, жарандар салыкты мөөнөттүн акыркы күндөрү төлөөгө аракет кылышат. Мындан улам, салык органдарында жана банк кассаларында узун кезек пайда болууда. Андыктан бардык салыктарды өз мөөнөтүндө төлөө керектиги эскертилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы салыкты өз убагында төлөбөгөн жарандарга эки миң сом айып пул салынып, ар бир төлөнбөгөн күн үчүн туум эсептелерин маалымдайт.

Мекеменин www.sti.gov.kg сайтында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон салыкты эсептөө үчүн атайы калькулятор жайгашкан. Ал жарандарга салык өлчөмүн эсептөөгө жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0