Акча алмаштыруу жайлары: долларды коммерциялык банктар ого бетер көтөрүп жиберди

© Sputnik / Актан ТемиркановАкча алмаштыруу жайлар: долларды коммерциялык банктар ого бетер өстүрүп жиберди
Акча алмаштыруу жайлар: долларды коммерциялык банктар ого бетер өстүрүп жиберди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бир доллар эң кымбат дегенде 66 сомдон сатылып жатат. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайларында иштегендердин пикиринде, мындай кырдаалдан улам, ажиотаж пайда болуп кетти.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Доллардын баасы күн эмес, сааттап өсүп жатышы коммерциялык банктардан улам болду. Мындай пикирин Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысына Бишкектеги Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу жайларында иштегендер айтышты.

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономист: теңгенин түшүүсү КРди экономиканы же калкты тандоого мажбур кылат
Бейшемби күнү Казакстандын өкмөт башчысы теңгенин курсун эркин коё бергендигин айткан. 

Коңшу мамлекеттин валюта рыногу биржадагы кабарга тез арада мамилесин билдирди, андан улам, банктар менен жана акча алмаштыруучу жайларда доолардын наркы кескин өсүп кетти.

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайларында иштегендердин пикиринде, мындай кырдаалдан улам, ажиотаж пайда болду. Бүгүн акча алмаштыргандар күндөгүдөн эки эсе көп.

"Эл сомдорун көтөрүп келип, долларга алмаштырууга аракет кылышты. Эртең менен эле коммерциялык банктар америка акчасын арзан баада, 62 сом кезинде сатып ала баштаган", — деп айтты аталган жайларда иштегендердин бири.

Алардын айтымында, түшкө чейин коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайларга жана жөнөкөй жарандарга долларды сатпай, атайын кармап турушкан. 

Акча алмаштыруучу жайлар бир долларды эң кымбат дегенде, 65 сомдон соодалап жатканда, банктар 65-66 сомдон түшүргөн эмес деп билдирди акча алмаштыруучулардын бири. Ал мындан улам, бүгүн валюта рыногунда кечке чейин ажиотаж уланып жаткандыгы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0