Түндүкэлектро: электр кубаты үнөмдөлө баштады

Жазылуу
Быйылкы жылдын аталган мезгил аралыгында 1,2 миллиард киловатт-сааттан көбүрөөк электр кубаты сарпталган. Бул өкмөт тарабынан бекитилген ченемден 92,3 миллион киловатт-саатка же 7 пайызга төмөн көрсөткүч.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Апрель-июль айларында абоненттер электр кубатын 92,3 миллион киловатт-саатка үнөмдөшкөннүн "Түндүкэлектро" ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын аталган мезгил аралыгында 1,2 миллиард киловатт-сааттан көбүрөөк электр энергиясы сарпталган. Бул өкмөт тарабынан бекитилген ченемден 92,3 миллион киловатт- саатка же жети пайызга төмөн көрсөткүч.

Мында Талас облусунун абоненттери тийиштүү ченемден 11,3 пайыз, Чүй облусу боюнча бекитилген көлөмдөн 5,6 пайыз, ал эми Бишкекте 7,6 пайыз үнөмдөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0