Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кичи ГЭСтерди куруп, мал чарбачылыгын каржылайт

Жазылуу
Фондго 940 миллион долларга бааланган 114 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен Өнүктүрүү фонду 56 миллион долларга бааланган 8 долбоорду тандап алып, учурда каржылоого даярдалып жатат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өкмөт менен бирге кыска мөөнөттө натыйжалуу иш алып барышы керектигин премьер-министр Темир Сариев  фонддун иши боюнча жыйында билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Сариев Кыргызстан ЕАЭБге толук укуктуу мүчө экенин белгилеп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бир катар тармактар боюнча каржылоону башташы керектигин айтты.

"Фонд сентябрь айынан тарта алгачкы долбоорлорду каржылону башташы керек. Аларга жер-жерлерде күнөсканаларды, кичи ГЭСтерди куруу жана асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо сыяктуу долбоорлор кирет", — деди өкмөт башчы.

Сариев ири долбоорлорду Фонд каржылашы керектигин, ал эми орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорлорду коммерциялык банктар аркылуу каржылоо мүмкүн экенин кошумчалады.

Международный аэропорт в селе Тамчи Иссык-Кульской области . Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аймактык аэропорттордун багын ачууга ниеттенип жатат
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметованын айтымында, азыркы мезгилге чейин фондго 940 миллион долларга бааланган 114 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен өнүктүрүү фонду 56 миллион долларга бааланган 8 долбоорду тандап алып, учурда каржылоого даярданып жатканын маалымдады.

Жыйын соңунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна сентябрь айында долбоорлорду каржылоону баштоо, Экономика министрлигине жер-жерлерде күнөсканалады куруу боюнча долбоорлорду үч күн ичинде иштеп чыгуу, Айыл чарба жана мелорация министрлигине жана уяң жүндүү кой породасын өнүктүрүү боюнча бир айдын ичинде долбоор иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз-орус Өнүктүрүү фондуна каржылоосундагы долбоорлор боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0