Премьер жакынкы 2-3 жылда Кыргызстанда бир катар ири ишканалар ачыларын айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНарын облусунда иш-сапар менен жүргөн Темир Сариев жергиликтүү эл менен жолугушуусунда.
Нарын облусунда иш-сапар менен жүргөн Темир Сариев жергиликтүү эл менен жолугушуусунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу эки жылдан кийин аяктарын билдирди

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн Темир Сариев жергиликтүү эл менен жолугушууда Кыргызстан ЕАЭБге толук мүчө болгондугун белгилеп, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүндүктөр ачылып жаткандыгын айтты. Өкмөт башчысы бул мүмкүнчүлүктөн туура пайдалана билиш керектигин кошумчалады. 

Ал, андан сырткары, Жогорку арын ГЭС каскадынын курулушу эки жылдан кийин аяктарын, эл мындай ири курулуштардын пайда болушуна түшүнүү менен кароосу керектигин айтты. 

"Өкмөттө аймактарды өнүктүрүү боюнча колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Жогорку Нарын ГЭС каскады жана альтернативдик жол 1917-жылга чейин бүткөрүлөт. Жакынкы 2-3 жылда Кыргызстанда бир катар ири ишканалар ачылат. Ошол эле учурда калк тарабынан буга туура мамиле болуп, өлкөдө биримдик, ынтымак жана тартип түшүнүктөрү алга чыгуусу кажет, ошондо гана өлкө өнүгүү жолуна чыгат" – деди Сариев.

Жогорку Нарын каскадына гидроэлектрстанцияларды куруу Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган макулдашууга ылайык салынууда. Бул маселе  жогорку деңгээлде да бир нече ирет талкууланган. ГЭСтин курулушуна орус тарап 24 миллиард рубль которушу керек.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0