Сариев: койдун туягына эмес, анын тукумунун жакшырышына көңүл буралы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна жасаган эки күндүк иш сапарында.
Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна жасаган эки күндүк иш сапарында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Айыл чарба министрлигинин, Илимий изилдөө институтунун өкүлдөрүнө уяң жүндүү койлордун санын жогорулатуу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын жүрүшүндө Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугуп, малдын башын көбөйтүү туурасында айтты.

"Кыргызстандын 95 пайызын тоо ээлейт, анда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө шарттар бар, мында мал туягын саноого эмес, мал тукумунун сапатын арттырууга бурулушу кажет. Эмгектин үзүрүн көрүү, малдын этин, сүтүн, жүнүн сатыкка алып чыгууга шарттар түүзүлүшү зарыл.Ошондуктан мамлекеттин көмөгү аркылуу уяң жүндүү койлордун тукумун көбөйтүү боюнча малчылар менен кеңешип, мамлекеттик деңгээлдеги чечим кабыл алуу зарыл. Мында биз сиздер менен кеңешип, көйгөйүңүздөрдү жеринде угуу максатында келип отурабыз", – деди Темир Сариев.

Өкмөт башчысы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Илимий изилдөө институтунун жана Агрардык университеттин өкүлдөрүнө уяң жүндүү койлордун санын жогорулатуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары, ал Нарын облусунда мал союучу жайларды куруу зарылдыгына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0