ЕЭК: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЕЭК: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болду
ЕЭК: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү иштери аяктады. Эми Кыргызстан биримдиктин толук мүчөсү болду.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болгону жөнүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий сайтында маалымдалат.

12-августтан тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирди. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага Атамбаев менен Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болду.

"12-августта Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча келишим күчүнө кирди. Кыргызстан эми Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россиядай эле биримдиктин толук мүчөсү ", — деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын билдиришинче Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу бирдиктүү жасалган иштин жыйынтыгында ишке ашты.

"2014-жылы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча "жол картасы" иштелип чыккан. Анда өлкөнүн экономикасын ЕАЭБдин мыйзамдарына жана тажрыйбаларына шайкеш келтирүү аракеттери жүрдү. Өзгөчө бажы түзүмдөрүнүн объекттерин жаңылоо боюнча бир топ маселелер чечилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында эки түр гана текшерүү болот
2014-жылдын 23-декабрында Евразиялык экономикалык кеңештин Жогорку жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча келишимге кол коюлган. 2015-жылдын 8-майында Кыргызстандын биримдикке кирүүсү боюнча шарттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктай турчу эки протоколго ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары кол койгон.

Кыргызстан 12-августтан тарта ЕАЭБдин толук мүчөсү болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0