Кыргызстандан ЕАЭБге бажы текшерүүсү жок биринчи жөнөтүлгөн жүк – аялдардын кийими

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандан ЕАЭБге бажы текшерүүсү жок биринчи жөнөтүлгөн жүк – аялдардын кийими
Кыргызстандан ЕАЭБге бажы текшерүүсү жок биринчи жөнөтүлгөн жүк – аялдардын кийими - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аралардын ачылышы менен Кыргызстандан жүктөр биримдикке мүчө мамлекеттерге ташыла баштады. Казак чек арасынан бажы текшерүүсү жок аялдардын жана балдардын кийими жүктөлгөн алгачкы жүк ташуучу автоунаа өттү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан бажы текшерүүсү жок кийим жүктөлгөн Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаасы өткөнүн Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында эки түр гана текшерүү болот
Кыргызстан 12-августтан тарта ЕАЭБдин толук мүчөсү болду. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы тосмолору алынат. Бул салтанаттуу иш-чарага жеринен КРдин премьер-министри Темир Сариев жана Казакстандын премьер-министринин биринчи орун басары Бахытжан Сагинтаев катышты. Ал эми эки өлкөнүн президенттери Чолпон-Ата шаарынан телекөпүрө аркылуу чек аралардын ачылышына күбө болду.

"Бажы текшерүүсү жок чек арадан биринчи өткөн жүк ташуучу автоунаада беш тоннадай жүк болгон. Алар негизинен аялдардын жана балдардын кийимдери", — деп билдирди чек ара кызматы.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, азырынча казак тараптан жүктөр өтө элек, болгону чек арадан кишилер өтүп жатат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин баары Кыргызстандын биримдикке кирүүсү боюнча документти ратификациялашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0