Кыргыз-казак чек арасында эки түр гана текшерүү болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив
Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан өтүүдө буга чейин жарандар 16 текшерүүдөн өтүп келсе, эми анын эки түрү гана каларын Чек ара кызматы билдирди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан өтүүдө буга чейин жарандар 16 текшерүүдөн өтүп келсе, эми анын 14 түрү алып салынганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

12-августтан тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирди. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн алуу боюнча салтанаттуу иш-чарага Атамбаев менен Назарбаев телекөпүрө аркылуу күбө болду.

"Текшерүүнүн 14 түрү алып салынды. Алардын ичинде фитосанитардык, карантин, бажы боюнча текшерүүлөр жана башкалар бар. Ал эми радиациялык жана чек ара текшерүүсү калды", — деди ал.

Атамбаев менен Назарбаев кыргыз-казак чек арасын ачты
Бөрүбаеванын айтымында, кыргыз-казак чек арасынан өткөн жүк радиацияга карата текшерилет. Ошондой эле, баңгизатын, курал-жарак жана жарылуучу заттарды аныктоо боюнча текшерүү улантылат.

Жалпысынан Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында сегиз көзөмөл өткөрүү пунктту бар.

Чек арадан жүк алып өткөн ишкерлер мамлекеттик текшерүүдөн өтүү жөнүндө талонду ыктыярдуу толтурушарын Бөрүбаева кошумчалады.

"Казакстанда сатуу үчүн Кыргызстандан кандайдыр бир товарды алып бараткан ишкерлер, эгер бул талонду алышпаса, көйгөй жаралышы мүмкүн", — деди Бөрүбаева.

Кыргызстандын жана Казахстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: кыргыз-казак алакасы дагы артышы керек
Кыргыз-казак чек арасынан транспорт менен жүк алып өтүүгө карата жаңы эрежелер киргени маалымдалган. Аларга ылайык, товарларды экспорттоочу же импорттоочу ишкерлер мамлекеттик текшерүүдөн өтүү жөнүндө эки талонду толтурушу керек. Анда жүктү жиберген тараптын жана жүктү алуучу жактын даректери, чек арадан өткөн күнү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. Ошондой эле, жыл башында аталган биримдикке Армения да мүчө болуп кирген. Эми ЕАЭБге Кыргызстан дагы толук мүчө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0