Чек аранын ачылышы менен КРдин 20 лабораториясы ЕАЭБдин аккредитациясын алат

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күндөн тарта айыл-чарбасынан тышкары бардык товарлар кыргыз-казак чек арасынын ЕАЭБдин эрежелери боюнча текшерүүсүз өтөт.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттолчу товарларды экспертизадан өткөрүү үчүн Кыргызстанда курулган фитосанитардык лабораториялар шершемби күнү сертификат алат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" текшерип-өткөрүү пунктарын ачуу аземинде билдирди.

"20 лабораторияга бүгүн ЕАЭБдин аккредитациясы берилет. Дагы 20 лаборатория аккредитация алууга арыз берди. Жооп жакынкы арада келет", — деди Панкратов.

Атамбаев менен Назарбаев кыргыз-казак чек арасын ачты
Ал ошондой эле бүгүнтөн тарта айыл-чарбасынан тышкаркы бардык товарлар кыргыз-казак чек арасынын ЕАЭБдин эрежелери боюнча текшерүүсүз өтө турганын айтты. Ал эми айыл-чарба продукциялары убактылуу текшерилип тураарын белгилеп, бирок канчага чейин созуларын министр тактаган жок.

Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажылык текшерүү пункту алып салынды. Аны ачууга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телекөпүрө аркылуу күбө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0