Күчүков: казактар биздин экологиялык жактан таза өстүрүлгөн балыкты жакшы көрөт

Жазылуу
КРдин Айыл чарба министрлигинен кыргыз балыгынын мыкты сапатын баалаган чет элдиктер, алардын ичинен казактар Кыргызстандан көп импорттолушуна кызыкдар деп билдиришти.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Экологиялык таза шартта өстүрүлгөн кыргыз балыктарына казактардын базарында суроо-талап улам арбып бара жатат. Бул туурасында Айыл жана суу чарба министрлигинин Балык чарбасы боюнча департаментинин директору Самарбек Күчүков Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын балыкты өстүрүү тармагынын өкүлдөрү өз суроо-талаптарын өз алдынча камсыз кыла албай жаткандыктарын моюнга алган. Жакынкы аралыкта кыргыз балыктарына, өзгөчө форелге болгон муктаждык арбыйт. 

"Казакстандыктар балыкты Алмата шаарынын айланасындагы көлмөдө өстүрүшөт, бирок ага канализациянын агындылары да кошулуп кетет. Ал эми биздики эч кандай ыплас суулар кошулбаган таптаза продукция", — деп түшүндүрдү аткаминер.

Архив: сүт азыктары - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга сүт менен этти экспорттоо акырындык менен жолго коюлууда
Күчүков Кырызстанда өскөн балык Казакстанга экспортко кетип жатканын белгиледи. Мисалы, Күрп-Сай суу сактагычында жылына 500-600 тонна балык өстүрүлсө, анын жарымы коңшу өлкөлөргө ташылып кетет. 

Аткаминердин айтымында, республика боюнча 2000 тоннага жакын балык алынса, алардын жарымынан көбү Кыргызстанда калат.

Анткен менен кыргызстандыктар балыкты жетиштүү жебейт. Жылына талап кылынган 20 килограммдын ордуна 1,7 килограмм же ченемден 11 эсе аз жейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0