Сариев: Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен өндүрүш кеңейет

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында Сариев Түп районундагы "Түп – Кеген" жолунун курулушун көрдү. Премьер-министр бул жолдун эл аралык мааниси чоң экенин белгилеп, долбоорду тез арада бүткөрүү зарылдыгын билдирди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районундагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, аталган оорукана имаратынын курулушу 2014-жылы башталып жалпы сметалык наркы 29 миллион 144 миң сомду түзөт.

Мындан соң Сариев Түп районундагы "Сүт-Булак" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкана 30дан ашык адамды жумуш менен камсыз кылып, өндүргөн сүт продукцияларын өлкө ичинде жана Казакстан, Россияга экспорттойт.

"Сүт-Булак" сыяктуу ишканаларга Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өндүрүштү кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардан сырье сатып алууну көбөйтүү аркылуу ишке ашырса болот", — деди премьер.

Иш сапардын алкагында Сариев Түп районундагы "Түп – Кеген" жолунун курулушун көрдү. Премьер-министр бул жолдун эл аралык мааниси чоң экенин белгилеп, долбоорду тез арада бүткөрүү зарылдыгын билдирди.

"Учурда түштүк – түндүктү бириктирген альтернативдик жол баштаган жолдор шакекчесин куруп жатабыз. Бул жол аталган шакекченин бир бөлүгү болуп, Казакстан, Россияга каттамды кыскартат. Евразия экономикалык союзунун ичинде бул жолдун мааниси артат", — деди өкмөт башчы.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз экенин билдирген премьер-министр, каржылоону тездетүү үчүн эл аралык финансылык уюмдарды тартуу керектигин белгиледи. 

Сариевдин аталган аймакка болгон иш сапары 8-августка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0