Автожолдорду пайдалангандыгы үчүн жыйым төлөө эрежеси киргизилмекчи

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын автоунаа жолу. Архив
Кыргызстандын автоунаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым алуу аныкталат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Жол фонду жөнүндө", "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамдарына, Административдик жоопкерчилик жөнүндө rодексине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Автоунаа ээси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент унаа ээлеринин жоопкерчилиги камсыздандырган мыйзамга кол койду
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйым алуу аныкталат.

Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекси транспорт каражатынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн жыйымдарды төлөө эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти караган ченем менен толукталат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0