Түрктөр Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына инвестиция салат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТомография жабдуусу. Архив
Томография жабдуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк ишкери буга чейин медициналык комплекс түзгөн, эми бул тажрыйбасын Кыргызстанда да пайдаланууну көздөөдө.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Заманбап диагностикалык борбор үчүн имарат бөлүп берилсе, Түркия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына инвестиция салууга даяр экенин Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев менен болгон жолугушууда инвестор Незих Хеким билдирди.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушуу учурунда инвестор Кыргызстанда заманбап томограф жабдуусу менен камтылган диагностикалык жана лабораториялык борборлордун курулушун каржылоо ниетин айтты. 

Түрк ишкери буга чейин медициналык комплекс түзгөн, эми бул тажрыйбасын Кыргызстанда да пайдаланууну көздөй турганын белгилейт.

"Имарат маселеси чечилсе, Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн негизинде КР саламаттык сактоо тармагына инвестиция салып, жергиликтүү калкка жардам берүүгө даярбыз", — деди Хеким. 

Жолугушуу учурунда саламаттык сактоо багытындагы эки тараптуу кызматташуу мындан ары да өнүгө бере тургандыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0