ЕЭК министри Ибраев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу суроолорго жооп берет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЕвразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министри Данил Ибраев. Архив
Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министри Данил Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу боюнча келишим күчүнө кирет. КР Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен биргеликте биримдиктин бешинчи толук кандуу мүчөсү болот.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министри Данил Ибраев он-лайн конференция өткөрүп, анда КРнын ЕАЭБге кошулуусу боюнча суроолорго жооп бере турганын ЕЭКтин расмий сайты билдирет.

Илимий кызматкер лабораторияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ алкагында иштөөгө Кыргызстандагы лабораториялар сентябрда даяр болот
Суроолор 17-августка чейин чогултулат. Министрдин жообу 19-август күнү жарыяланат. 

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу боюнча келимиш күчүнө кирет. КР Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен биргеликте биримдиктин бешинчи толук кандуу мүчөсү болот.

Шейшемби күнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы болуп Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0