Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСи үчүн 100 млн. доллар берет

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСи үчүн 100 млн. доллар берет
Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСи үчүн 100 млн. доллар берет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкы менен 100 миллион доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит бөлүү боюнча макулдашууга расмий кол койду.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Кыргызстан расмий түрдө Евразия өнүктүрүү банкы менен 100 миллион доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит бөлүү боюнча макулдашууга кол койгонун Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун экинчи бөлүгүн каржылоо үчүн кредит берет.

"Каражатты Кыргызстан 20 жылга берилди. Кредит сегиз жыл бир пайыздык үстөк менен кайтарылат", — деди министр.

Касымалиев бул энергетика үчүн маанилүү кредит экенин белгиледи.

Евразиялык өнүктүрүү банкы мүчө-мамлекеттердин экономикалык өсүшүн камсыздай турган эл аралык финансы уюму. Казакстан менен Россиянын ортосундагы макулдашуунун негизинде түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0