Ошто Синьцзян-Уйгур аймагынын товарларынын жармаңкеси башталды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жармаңкеге айыл чарба техникалары, жеңил өнөр жай товарлары жана үй-тиричиликке керектүү буюмдар коюлду.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Ош шаарында Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун экспортко ылайыкталган товарларынын көргөзмөсү башталды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Жармаңкеге айыл чарба техникалары, жеңил өнөр жай товарлары, жарыктандыруучу каражаттар, радиоэлектроника жана үй-тиричилигине керектүү буюмдар коюлду.

Жармаңке 25-июлга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0