ЕАЭБ алкагында дары-дармек каражаттары бирдиктүү эреженин негизинде жүгүртүлөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДарыкана кызматкери. Архив
Дарыкана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуунун негизги максаты коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармек каражаттарды жетүүнү камсыз кылуу жолу менен ЕАЭб мүчө-мамлекеттердин калкынын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында дары-дармек каражаттарды жүгүртүү эрежелери жана бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. 

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ алкагында дары каражаттарынын бирдиктүү рыногу түзүлөт
Макулдашуунун негизги максаты коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармек каражаттарды жетүүнү камсыз кылуу жолу менен ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин калкынын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Аталган документ уюм алкагында дары-дармек каражаттарды жүгүртүү эрежелерин жана бирдиктүү принциптерин аныктайт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн макулдашууга КРнын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына тапшыруу милдети ыйгарылды.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0