Кыргыз өкмөтү Куттесай боюнча сотто жеңишке жетишти

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМосква округунун федералдык соту. Архив
Москва округунун федералдык соту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва округунун федералдык соту арызды карап чыгып, кыргыз өкмөтүнүн аталган компанияларга карата келтирилген жүйөлөрүн мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Москва округунун федералдык соту Кыргыз өкмөтүнүн "Стэнс Энерджи Корп" компаниясына жана "Кутисай Майнинг" ишканасына карата келтирилген жүйөлөрдү мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Сотчунун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Центеррадагы КРдин 47 млн. сомдук акциясын Онтарио соту камактан бошотту
Маалыматка ылайык, 2014-жылы РФ Москва шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык сотко Кыргыз өкмөтүнө карата "Стэнс Энерджи Корп" компаниясынан жана "Кутисай Майнинг" ишканасынан доо арыз түшкөн. Ага ылайык, өкмөт 119 миллион доллар төлөшү каралган.

Ошол эле жылдын 30-июнунда Арбитраж аталган компаниялардын пайдасына чечим чыгарып берген. 

Кыргыз Республикасы мындай чечимге макул эместигин билдирип, Мосвка арбитраждык сотуна кайрылган. Натыйжада сот Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждын чечими жокко чыгарылган. 

"Стэнс Энерджи Корп" компаниясы жана "Кутисай Майнинг" ишканасы Москва округунун федералдык арбитраждык сотуна Мосвка арбитраждык сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арыз менен кайрылган. 

Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: Stans Energy компаниясы туура эмес мүнөздөгү маалыматтарды берип жатат
Москва округунун федералдык соту арызды карап чыгып, аны канааттандыруудан баш тартты. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн аталган компанияларга карата келтирилген жүйөлөрү мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Буга чейин Кыргызстан кореялык компанияга карата эки соттук иште утуп чыккан. Талап кылынган сумманын жалпы көлөмү 148 миллион долларды түзгөн.

Мындан тышкары, "Стэнс Энерджи Корп" компаниясы жана "Кутисай Майнинг" ишканасы тарабынан берилген доо арыздын негизинде Кыргызстандын "Центерра Голд Инк" жана түркиялык "Систем Мюхендислик Санайи ве Тиджарет" компанияларындагы акциялары камактан чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0