Сариев: "Алтын-Кен" ишканасы 29-июлдан тарта ишке киргизилиши керек

Жазылуу
Премьер-министр Кемин районундагы Талды-Булак—Сол-Жээк кениндеги "Алтын-Кен" ишканасынын учурдагы абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев "Алтын-Кен" сыяктуу ишканалардын иштеп турушу абдан маанилүү экенин айтып, фабриканы 29-июлдан тарта ишке киргизүү тапшырмасын бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, жыл соңуна чейин "Алтын-Кен" бир тоннага жакын алтын ɵндүрүшү керек.

Сариев Кемин районундагы Талды-Булак—Сол-Жээк кениндеги "Алтын-Кен" ишканасынын учурдагы абалы менен таанышты.

Келишимге ылайык, заводдун жумушчулар курамынын 90 пайызын жергиликтүү калк түзүүзү керектигин жана ал иш жүзүнө ашырылышы керектигин белгиледи.

"Алтын кен" ишке кирсе, аймактарды дотациядан чыгарууга шарт түзүлɵт. Мисалы, "Алтын кен" Чүй жана Кемин райондорун толугу менен дотациядан чыгарса, "Жерүй" иштесе, Талас облусу толугу менен ɵзүн ɵзү камсыздоого мүмкүндүк пайда болот. Ал эми жергиликтүү тургундар түшүнүү менен табигый байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүүгɵ кɵмɵктɵшүүсү керек", — деди Сариев.

Маалыматка ылайык, аталган завод ишке киргизилген соң, жылына 286 миллион сом салык тɵлɵнɵт, анын 82 миллион сому район бюджетине түшɵт. Өкмөт башчы Кемин районунун акимине каражатты бир гана багытта эмес, бир бɵлүгүн — социалдык объекттерди курууга, экинчи бɵлүгүн ɵнүктүрүү багытында, ишканаларды ачууга жумшоо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0