Сариев Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүн кабыл алды

Жазылуу
Өкмөт башчы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараяны тууралуу айтып, жакынкы аралыкта уюмга мүчө өлкөлөр менен чек аралар ачылса Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогорулайт деген ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Жемал Эдвард баштаган делегацияны кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө Эл аралык валюта фондунун миссиясынын отчету жана кеңири кредиттик механизм боюнча үч жылдык макулдашуу алкагындагы реформалардын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: акчаны улуттук валютада, сом менен сактоого убакыт келди
Сариев Кыргыз өкмөтү Эл аралык валюта фонду менен кызматташтыктын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирип, аталган макулдашуу алкагындагы реформаларды ишке ашырууга бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты. Ошондой эле премьер-министр өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берип, бюджетти аткаруу канааттандыраарлык темп менен кетип жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы өлкө Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараяны тууралуу айтып, жакынкы аралыкта уюмга мүчө өлкөлөр менен чек аралар ачылса Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогорулайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Жемал Эдвард миссиянын аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0