Сариев Таласта эл менен "Жер-Үй" маселесин талкуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Манас районундагы "Чоң-Капка" бажы өткөрмө пунктунун жана Кара-Буура району, Талас шаарындагы өнөр жайлардын абалы менен таанышат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев иш сапар менен Талас облусуна жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Иш сапарынын жүрүшүндө премьер-министр Талас районундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча иштер менен таанышат. Муну менен катар жергиликтүү эл менен жолугуп, аймактын көйгөйлүү маселелерин талкуулайт.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Манас районундагы "Чоң-Капка" бажы өткөрмө пунктунун жана Кара-Буура району, Талас шаарындагы өнөр жайлардын абалы менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0