Бажы кызматы: өткөрүү пункттары чек аралардын ачылышына даяр

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүЧек ара пункту. Архив
Чек ара пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык комиссия жана Армения, Белоруссия, Казакстан менен Россия өлкөлөрүнүн бажы кызматтары жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында Кыргызстандын аймагындагы баштапкы өткөрүү пункттары бажы көзөмөлүн алып салууга даяр экени аныкталган

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Өткөрүү пункттары чек аралардын ачылышына даяр экенин Бажы кызматы билдирет.

Мекеме айрым маалымат каражаттарында Кыргызстандын чек арадагы бажы жана фитосанитардык пункттары ачууга даяр эмес деп жарыяланган маалыматын четке кагып, өткөрүү пункттары тармактарга бөлүнбөй турганын белгиледи.

"Мамлекеттик чек аранын аймагында жайгашкан бир гана өткөрүү пункту болот. КР мыйзамына ылайык, ошол жерден мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жаран, товар же унаа каражаты чек ара, бажы, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Сариев ЕАЭБдин алкагында чек араларды ачууга бардык органдар даяр болушун эскертти
Маалыматта Евразиялык экономикалык комиссия жана Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнүн бажы кызматтары жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында Кыргызстандын аймагындагы баштапкы өткөрүү пункттары бажы көзөмөлүн алып салууга даяр экени аныкталганы белгиленет. 

Бүгүнкү күндө Бажы кызматы кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алуу боюнча тийиштүү иш-чаралардын аягына чыкканын маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0