Сариев ЕБдин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды.
Премьер-министр Темир Сариев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөткөн гранттык жана техникалык жардамы жогору бааланат.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Жолугушууда тараптар ЕБ менен Кыргызстандын ортосунда көп тармактуу кызматташуу маселелерин талкуулады. 

Сариев Петер Бурианды ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктап, Европа Биримдигинин Кыргызстанга көрсөткөн гранттык жана техникалык жардамын жогору баалай турганын билдирди. 

"Кыргызстан ЕБнын 2014-2020-жылдарга карата узак мөөнөттүү индикативдик программасын ийгиликтүү аткарарына ишенем", — деди премьер.

Өз кезегинде Петер Бурианс Европа Биримдиги Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0