КР жарым жыл ичинде 13%га көп күйүүчү май пайдаланган

© Sputnik / Табылды КадырбековБензоколонка Кыргызстанда. Архив
Бензоколонка Кыргызстанда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядан Кыргызстанга күйүүчү май алып келүүдө салыктан бошотуу 300 миллион доллар каражат үнөмдөдү.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 542 тонна нефть өндүрүмү алып келингенин КР нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирет.

Бензоколонка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июнь айында бензиндин баасы 12%га көтөрүлүшү мүмкүн
Маалыматка ылайык, импортерлор Кыргызстанга 313,2 миң тонна бензин түрүн жана 228,8 миң тонна дизель майын алып келишкен. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 13 пайызга көп экени белгиленүүдө.

Россиядан май алып келүүчүлөрдү салыктан бошотуу тууралуу макулдашуу 320 миллион доллар үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Ассоциация жазгы талаа жумуштары үчүн 40,5 тонна дизель майы жана 9,7 тонна бензин керектелгенин белгилейт.

"Азыр түшүм жыйноо убагында керектеле турган май менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, аталган жумуштарга 41,2 тонна дизель майы жана 9,6 тонна бензин сарпталат. Бүгүнкү күндө тийиштүү көлөмдүн 42 пайызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0