Опера жана балет театрын оңдоого каражат бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатр оперы и балета имени Абдыласа Малдыбаева. Архивное фото
Театр оперы и балета имени Абдыласа Малдыбаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр жетекчилигине тез арада имаратты оңдоо боюнча долбоор даярдоо тапшырылды.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрын оңдоого каражат бөлүнө турганын премьер-министр Темир Сариев театрдын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылышында билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы аталган театрдын имараты жана иши менен таанышып, имарат оңдоого муктаж экенин айтты.

"Учурда өкмөт маданий жайлардын абалын оңдоого өзгөчө көңүл бурууда", — деди Сариев.

Опера жана балет театрынын жаңы директору дайындалды
Премьер-министр театр жетекчилигине тез арада имаратты оңдоо боюнча долбоор даярдоону тапшырып, анын негизинде өкмөт маданий жайдын имаратын оңдоо жана жарык берүүчү аппараттарды алууга каржы бөлөрүн убада кылды.

Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү жана өкмөт аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте опера жана балет театрынын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылышын алкагында Джузеппе Вердинин “Травиата” операсын көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0