Фермерлерге 2,5 миллиард сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредиттер берилди

© Sputnik / Вольдемар Мааск / Медиабанкка өтүүБүтөндөргө сүт куйуу. Архив
Бүтөндөргө сүт куйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик долбоорду ишке ашыруу үчүн фермер менен дыйкандарга 10 жана 9 пайыздык үстөк менен кредиттер берилүүдө.

БИШКЕК, 26 июн — Sputnik. Фермерлерге 25-июнга карата 2 миллиард 552 миллион сомдук 6 миң 936 жеңилдетилген кредит берилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Архив: Ош базар - Sputnik Кыргызстан
Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү
"Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорун ишке ашыруу алкагында республиканын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө, дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредиттер берилүүдө. 

Маалыматка ылайык, аталган сумманын 2 миллиард 61 миллион 449 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, ал эми өсүмдүктөргө 307 миллион 392 миң сом, кайра иштетүүчү ишканаларга 183 миллион 570 миң сом берилди.

Тиешелүү токтомго 2015-жылдын март айында кол коюлган. Кредиттер мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлөр үчүн 10 пайыздык, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн 9 пайыздык үстөк менен берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0