Президент: "Жер-Үйдөн" түшкөн акча эл кызыкчылыгына жумшалышы керек

© Sputnik / Редлих / Медиабанкка өтүүАлтынды жуу иштери. Архив
Алтынды жуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө кен иштетүүчү компаниядан түшкөн акчаны туура бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери чечилип жатат.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу жүрүшүндө Зилалиев Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча сынактын жеңүүчүсү деп табылган компания 100 миллион доллар өлчөмүндөгү объектинин баасы толук төлөнгөнүн кабарлады.

"Учурда республикалык бюджетке түшкөн бул каражатты туура бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери каралып жатат", — деди Зилалиев.

Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер-Үй кенин иштетүү үчүн калган каражат төлөндү
Агенттиктин жетекчиси президентти "Жер-Үй" кенин иштетүүчү инвестордун кийинки иш пландары менен тааныштырып, социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча аракеттер тууралуу айтып берди.

Президент түшкөн каражат биринчи кезекте жергиликтүү тургундардын жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылышы керектигин белгилеп, агенттикке инвестор менен мындан аркы кызматташуу жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0