Жер-Үй кенин иштетүү үчүн калган каражат төлөндү

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча толугу менен которулгандан кийин беш иш күнүнүн ичинде компания тийиштүү лицензияга ээ болот.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Талас облусундагы Жер-Үй кенин иштетүү боюнча сынактын жеңүүчүсү деп табылган "Востокгеолдобыча" ААК тийиштүү сумманын калган бөлүгүн төлөгөнүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

Сынактын негизинде Жер-Үй кенин иштетүү укугуна "Востокгеолдобыча" ААКсы ээ болгон. Мыйзам талабына ылайык, ишкана төлөнө турган 100 миллион доллардын 10 миллионун кепилдик катары мамлекетке которгон.

Самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Восток геолдобыча" "Жерүй" боюнча алгачкы 10 миллион долларды которду
Буга чейин агенттик жалпы суммадан калган 90 миллион долларды төлөө мөөнөтү 2015-жылдын 22-июнунда аяктай турганын эскерткен.

Маалыматка ылайык, "Востокгеолдобыча" ААКсы 19-июнь күнү калган сумманы төлөдү. Каражат Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин эсебине которулган.

Талапка ылайык, каражат толугу менен которулгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде компания тийиштүү лицензияга ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0