Эксперт: Банк кодекси каржы системасын жаңы деңгээлге алып чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча алмаштыруу пункттары. Архив
Акча алмаштыруу пункттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нургүл Акимова учурдагы банк мыйзамдарынын ченемдери көп жагынан эскирип, дүйнөлүк практикадан артта калгандыктан, кайра кароолорго муктаж деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Банк кодексин кабыл алуу жарандар менен банктардын ортосундагы (керектөөчү – банк кызматы) мамилелер жагынан каржы-насыялык иш алып баруучу жана банктын ишине байланышкан мекемелерди тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет деп билдирди Sputnik кабарчысына экономикалык маселелер боюнча эксперт Нургүл Акимова.

Парламентте Банк кодексин (КР БК) киргизүү боюнча угуулар жүрүп жатат. Аталган документ Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын иш-аракеттерине негиз болуучу бардык мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө көмөк болот.

Акимованын айтымында, азыр банк ишмердигине тиешелүү мыйзамдар көп жагынан эскирип, алдыңкы эл аралык тажрыйбага туура келбейт жана банк тармагындагы укуктук мамилелерге катышуучулардын заманбап суроо-талаптарына жооп бербейт, ошондуктан ар тараптан жана концептуалдуу түрдө кайра кароого муктаж.

"Банк кодексин кабыл алуу зарылчылыгы бышып жетти. Бул объективдүү көрүнүш. Өлкөдө банкка акча салгандардын арасында нааразы болгондор көп, ченемдериндеги көпчүлүк карама-каршылыктар жана жарандарга карата адилетсиздик мыйзамдардагы кемчиликтерден улам келип чыгууда", — деп белгиледи эксперт.

Акимова кодекстин деңгээлинде ченемдерди кабыл алуу бийликке болгон ишенимди көтөрүп, банк системасына карата терс мамилени төмөндөтөт. Ал документ көмүскө экономика менен катар келе жаткан алдамчылыкты азайтууга өбөлгө боло алат деген пикирде. 

"Акыры, Банк кодексинин кабыл алынышы менен жарандардын адилетсиздикке кабылып жатабыз деген пикири азаят", — деп белгиледи ал.

Акимова кодексти түзүүдө Улуттук банк жекече учурларды аныктоого өзгөчө көңүл бурушу зор мааниге ээ деген ойдо. Себеби документ арбитраждык сот иштерин жүргүзүүнүн негизин түзөт. Ар бир ченемдин мазмуну өлкөдө ишкердик активдүүлүгү өнүгүшүн же колдоп, же кармап тургудай болот.

Бирок экономика боюнча эксперттердин пикиринде, кодекстин азыркы долбоорунда анча олуттуу эмес мүчүлүштүктөр бар. 

"Банк кодекси кабыл алынгандан кийин коммерциялык банктар чегерүүчү үстөк пайыздарга көзөмөл жүргүзүү сапаты жакшырат. Көрсөтүлүп жаткан кызматтарга байкоо салып, сапатын текшерип туруу чоң мааниге ээ, себеби жарандар коммерциялык банктардын кызматы үчүн аз акча төлөгөн жери жок", — деп баса белгиледи Акимова.

Эксперт кодексте өлкөнүн бюджети боюнча милдеттер айкын ажыратылып берилгенин баса айтты. Ал Банк секторун көзөмөлдөөчү институт катары КРдин Улуттук Банкынын көз карандысыздыгы сакталганын кошумчалады.

Ошентип, Банк кодексин кабыл алуу өлкөнүн экономикасын шайкеш келтирүү жана жаңы өнүгүү деңгээлине даярдоо болуп эсептелет. Коомдук процесстер жөнгө салынуучу ченемдерге жараша өрчүү касиетине ээ деп жыйынтыктады эксперт.

Банк кодексинин долбоорунда учурдагы банк мыйзамдарын эл аралык алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен концептуалдуу түрдө кайра каралган. Документ банктар менен банк ишмердиги жөнүндө КРдин мыйзам негиздерин системалуу түрдө аныктап, банк мыйзамдарынын курамындагы ченем-укуктук актылардын айкын иерархиясын жана алардын КРдин жарандык мыйзамдарга шайкеш келишин аныкташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0