Эксперт: Кыргызстандын ЕАЭБди сүт азыктары менен камсыздоого кудурети жетет

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУй фермасы. Архив
Уй фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия батыштан импорттолгон товарлардын ордуна, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алууга кызыктар.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикти сүт азыктары менен камсыздоого кудурети жете турганын Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Никита Менткович айтты. Бул туурасында КР Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мендкович Кыргызстанга ЕАЭБдеги сүт тармагын өз колуна алууну сунуштап, өлкөнүн аны алып кетүүгө кудурети жете турганын кошумчалады.

"Бизде эттин жана сүттүн эң чоң рыногу бар. Азыр өзүбүздүн сырды чыгаруу үчүн бизге көп сүт керек. Кыргызстанда сүт тармагы жакшы жолго коюлган, андыктан биздин рыноктун буга муктаждыгы турат. Андан тышкары төө буурчак, жаңгак сыяктуу азыктарды жана эт менен жүндү экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", — деди ал.

Анын айтымында, Россия батыштан импорттолгон товарлардын ордуна, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн продукцияны ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алууга кызыктар. 

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимге 2015-жылы 8-майда Москва шаарында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0