Жер-Үйдү "Альянс Алтын" ишканасы иштетет

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания жетекчилиги кен казуудагы бардык иштер КР мыйзамынын чегинде жасаларын убада кылды.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Талас облусундагы "Жер-Үй" кенин иштетүү укугун жеңип алган "Востокгеолдобыча" ААК сынак шартына ылайык, Кыргызстанда "Альянс Алтын" ЖЧК туунду компаниясын каттоодон өткөргөнүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирет.

Геология агенттиги: Жерүй заманбап технологияларды колдонуу менен иштетилет
Маалыматка ылайык, "Альянс Алтын" ЖЧК 2015-жылдын 2-июнунда каттоодон өтүп, Таластын Сасык-Булак айлындагы "Жер-Үй" участогунда жайгашкан.

Мындан тышкары, агенттик жаңы компания жетекчилиги кен казуудагы бардык иштер КР мыйзамынын чегинде жасаларын, сынак боюнча төлөмдүн калган суммасы "Востокгеолдобыча" ААК тарабынан өз мөөнөтүндө төлөнөт деп убада кылганын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0