Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуу ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайыкталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын баалуу металлдардын бири. Архив
Алтын баалуу металлдардын бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге КРдын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуу ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык келтирилди. Алмазбек Атамбаев "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

АКШ Доллары менен рубль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: ЕАЭБ алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болуусун талап кылат
Мыйзамдын максаты КР мыйзам-ченемдерин баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдик-укуктук негиздерине ылайык келтирүү.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0