"Газпром Кыргызстан" компаниясы "Ташкент-Бишкек-Алматы" газ түтүктөрүн оңдойт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГаз түтүктөрү. Архив
Газ түтүктөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түндүгүндөгү газ түтүктөрүн изилдөө газ ташуу системасынын бекемдигин жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. 1-июндан тарта Кыргызстандын түндүгүндөгү магистралдык газ түтүктөрүнүн бузук жерлерин аныктоо боюнча ири масштабдуу иштер башаталат. Негизги жумуш "Бухара газ району – Ташкент – Бишкек – Алматы" газ түтүктөрүндө жүрө турганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын маалымат кызматы билдирди.

Ишкана республиканын түндүк аймагын газ менен камсыз кылууга багытталган 2015-1017-жылга карата инвестициялык программаны ишке ашырууга киришти. 

"Аталган жумуштар ресурсту аныктоо жана анын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле өлкөнүн түндүгүндөгү газ ташуу системасынын бекемдигин жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, компрессордук станцияны, Чуй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов жана Аламүдүн райондорундагы газ бөлүштүрүү станцияларын жана газ түтүктөрүн реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 

Компаниянын айтымында, жасала турган иштердин алкагында жогоруда аталган аймактарда жаратылыш газы маал-маалы менен өчүрүлүп турат.

"Ар бир район боюнча газ өчүрүү мөөнөтү ЖМКга кошумча жарыяланат", — деп кошумчалашты компаниядан.

Ремонттун аякташы менен "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жер кыртышын баштапкы абалына келтирүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилген.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы жалпы жонунан өлкөнү газ менен камсыз кылууга 45,5 миллиард сом каражат сарптоону пландаштырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0