Улуттук банк эсептик үстөк төлөмдү 1,5%га төмөндөттү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква биржасындагы кызматкер. Архив
Москва биржасындагы кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРУБ башкармалыгынын чечими менен эсептик үстөк төлөм 1,5%га кыскарып, 9,5 пайызды түздү. Ошондой эле насыялар жана кыска мөөнөттү депозиттер боюнча төлөмдөр эки пайызга түшүрүлдү.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын экономикасынын өсүш тездигин колдоо үчүн, Улуттук банк эсептик үстөк төлөмдү бир жарым пайызга төмөндөткөнүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди.

Акция протеста фермеров и садоводов Польши прошла в Варшаве - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет көмүскө экономиканы кыскартууга аракеттерди аз жасоодо — эксперт
Өткөн жылы эсептик үстөк төлөм 11 пайызга барабар болчу. КРУБ башкармалыгынын чечими менен ал азыр 1,5%га төмөндөтүлүп, 9,5 пайызды түздү. Ошондой эле насыялар (14 пайыздан 12ге) жана кыска мөөнөттү депозиттер боюнча төлөмдөр (бештен үчкө) эки пайызга кыскарды. 

Абдыгуловдун айтымында, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча быйылкы жылдын алгачкы төрт айындагы негизги жыйынтыктар оң. Ата мекендик экономиканын өсүшү жети пайызды түздү (бул Кумтөр кен жайын иштетүүчү ишкананы эсепке албаганда. Ал жерде өсүш 3,7 пайызга барабар). Январдан тартып инфляция кыскара баштады жана ал 6,4 пайызга чейин төмөндөйт.

"Импорттук буудайдын баасынын туруктуулугу баалардын көтөрүлүшүн токтотуучу фактор болууда. Бизге өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык абалдын татаалдыгы КРдин өндүрүмдөрүнө суроо-талаптын азайышына себеп болууда", — деди Абдыгулов.

Улуттук банктын башчысы азыр сом бекемдеп келе жатканын белгиледи. 

"Ушул факторлорду эске алуу менен, Улуттук банктын башкармалыгы эсептик үстөк төлөмдү кыскартты. Бул өсүштөгү оң жылыштарды колдоп, инфляцияны кармап калат", — деп белигледи КРдин Улуттук банкынын төрагасы.

Жай мезгилинде Улуттук банк көрсөткүчтөрдү кайра кароо учурунда эсептик үстөк баа дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0