Кытай альтернативалуу "Түндүк-Түштүк" жолун салууга 297 млн. доллар берет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖол курулуш иштери. Архив
Жол курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы жеӊилдетилген мөөнөттө 1,5 пайыз жана андан кийин 2 пайыздык үстөк каражат төлөнүүгө тийиш.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун II фазасына анын ичинде "Арал –Казарман" аймагындагы жолдун курулушуна Кытайдын Экспорт-Импорт банкы 185 млн. доллар, ал эми Кытай өкмөтү 112 млн. доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыялык каражат бөлөт.

Аталган жол курулушуна жеӊилдетилген насыя бөлүү боюнча Макулдашуунун долбоору парламенттин тармактык комитенинин биринчи окуусунда жактырылды. Эми жакынкы арада ЖКнын кароосуна коюлмакчы. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Жол оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: транспорт министри менен Бишкек мэри иш күнүн жолдорду текшерүүдөн башташы керек
Алгачкы жеӊилдетилген мөөнөттө 1,5 пайыз жана андан кийин эки пайыздык үстөк каражат төлөнүүгө тийиш.

Андан сырткары, Кыргызстандын менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбор Азиялык региондук экономикалык кызматташтын I жана III коридорлорун бириктирүүчү жолдун кийинки долбоорунун долборлоо-сметалык документтерин даярдоого аванс берүү жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору да жактырылды.

Макулдашууга ылайык, долборлоо-сметалык документтерди даярдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 3 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Ага "Түндүк — Түштүк" альтернативдик жолу менен "Ош — Бишкек" жолун кошуу үчүн узундугу 91 чакырым келген "Арал — Суусамыр" жолу аркылуу кошуунун сметалык документтери даярдалмакчы. Ал жол 2016-жылдан тарта салына баштоого тийиш. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, долбоор сегиз ай аралыгында иштелип чыгууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0