Кулов: жайында бензиндин бардык түрү 1,5 сомго кымбаттайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаага бензин куюу. Архив
Автоунаага бензин куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бензин наркынын жогорулашы өлкөгө киргизилген күйүүчү майдын бир тоннасына болгон акциз салыгынын 3 миңден 5 миңге чейин көбөйүшү менен байланыштуу.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Кыргызстанда акциз салыгынын көбөйүшү менен күйүүчү майга болгон баанын 1,5 сомго жогорулашы күтүлүп жатканын Sputnik агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, 1-июндан тарта күйүүчү май импорттоочулар бензиндин бир тоннасы үчүн үч миңдин ордуна беш миң сом өлчөмүндө салык төлөй башташат. 

"Бул күйүүчү майдын бардык түрүнө болгон чекене баасын орточо эсеп менен 1,5 сомго көбөйүшүн шарттайт", — дейт ассоциация директору.

Кулов ошону менен бирге эле акциз салыгы сатылып жаткан бензин баасынын ичиндеги сумма экенин белгилеп, учурда Кыргызстандагы жигердүү жазгы талаа иштеринен улам күйүүчү майга муктаждык дээрлик жок экенин кошумчалады.

Республиканын Бажы кызматынын маалыматы боюнча, импортерлор өткөн жылдын ушу мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанды күйүүчү май менен 20 пайызга көп камсыз кылып коюшкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0