Бишкекте IV эл аралык финансы форуму өтүп жатат

Жазылуу
Аталган форум банк сектору, бизнес жана КР өкмөтүнүн ортосунда байланыштарды чыңдоочу аянт болуп калмакчы.

БИШКЕК, 22-май – Sputnik. IV эл аралык финансы форуму өлкөнүн экономикалык сектору үчүн маанилүү негиз болуп берерин форумдун ачылышында Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль билдирди. 

Анын айтымында, форум өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Иш-чарада Кыргызстандын экономкасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон келишимдик каржылоо жана лизинг маселелери талкууланат. 

"Форум кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн банк секторун эл аралык деңгээлге чейин көтөрүүгө чоң көмөк болот. Катышуучулардын саны иш-чаранын олуттуу кадыр-баркынан кабар берип турат. Форумга өндүрүшчүлөр, банктар, логистикалык компаниялар, финансы эксперттери катышууда", — деди чиновник.

Дилдин пикиринде, учурдагы көйгөйлөр мыкты уюштурулган иштин натыйжасында гана оң жагына чечилет.

"Мен бул форум байланыштарды чыңдоочу бирден бир абройлуу аянтча болуп каларына ишенем", — деди вице-премьер.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева өткөн жыл бир топ татаал шарттарда өткөндүгүн билдирди.

"Өнөктөш-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн жайлашы биздин макроэкономикалык жагдайыбызга да өз таасирин тийгизди", — деди Орозбаева.

Ошону менен бирге, УБ төрага орун басары мындай абалга карабастан, банк секторунун өнүгүшү кыйла жакшы деңгээлде экенин белгилеп өттү. 

"Ички валюта рыногундагы кырдаал татаал болду, мындан улам Улуттук банк курсту сактап калууга бардык аракетин көрдү", — деп эскертти Орозбаева.

Ал мисалга банктардын насыя портфели 46 пайызга, ал эми дипозиттик базасы 22 пайызга жогорулаганы жөнүндө өткөн жылдын статистикасын келтирди. 

"Бул жарандардын кыргыз банктарына болгон ишеними жөнүндө кабар берет. Насыя алуучулардын саны өткөн жылы 450 миңге чейин көбөйдү", — деп кошумчалады.

Орозбаева аталган форум финансы секторунун ишин мындан да жакшыртууга өбөлгө болорун белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0