КРдин Centerra ишканасындагы камакка алынган акцияларынын тагдырын Канада соту чечет

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүКанада Жогорку сотунун имаратынын ичинде. Архив
Канада Жогорку сотунун имаратынын ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы октябрь айында Онтарионун Жогорку соту Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын 47 миллион акциясын Stans Energy Corp компаниясынын доо аразынын негизинде камакка алган. Аталган компания Куттуу-Сай II кенин иштетүү боюнча берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн КР өкмөтүнөн 118 миллион доллар талап кылууда.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Centerra Gold Inc компаниясындагы Кыргызстандын акциясына салынган камак бир гана Канаданын сотунун чечиминен кийин алына турганын директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров билдирди.

Лорд Кланвильям: Centerra Gold Inc. ишканасынын учурдагы иши канааттандырбайт
2014-жылы октябрь айында Онтарионун Жогорку соту Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын 47 миллион акциясын Stans Energy Corp компаниясынын доо аразынын негизинде камакка алган. Аталган компания Куттуу-Сай II кенин иштетъъ боюнча берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн КР өкмөтүнөн 118 миллион доллар талап кылууда. Камакка алынган акцияны сатууга жана башкаларга берүүгө болбойт, ошондой эле, ага которулган дивиденддер да тоңдурулат.

Апрель айында КР өкмөтү аталган доо арыз боюнча Москванын арбитраждык сотунан утуп алган.

Шакировдун айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын акцияларына коюлган камакты алуу үчүн Москванын арбитраждык сотунун чечими менен Онтарионун сотуна кайрылуу керек.

"Учурда кыргыз тараптын юристтери бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Онтарио сотунда арыз качан карала турганы белгисиз", — дейт ал.

Шакиров, ошондой эле, соттон утулуп калган Stans Energy Corp. компаниясы апелляциялык арыз менен Москванын арбитраждык сотуна кайрылышы мүмкүндүгүн айтты. Арбитраждык соттун чечими бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0