Координациялык кеңеш Бишкектин жарыктандыруу тармактарын жаңылоону жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жарыктандыруу. Архив
Бишкекте жарыктандыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңешмеде Кыргызстандын 2016-2018-жылдарга каралган бюджеттин орто мөөнөттөгү алдын ала божомолдоолору талкууланып, жактырылды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Координациялык кеңеш Бишкек мэриясы тарабынан сунушталган шаарды жарыктандыруу тармактарын жаңылоо программасын жактырды деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы. 

Жол оңдоо Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов: жолдогу аң-чөнөктөр сапаттуу оңдолбосо, башыңар менен жооп бересиңер
Өкмөт башчысы Темир Сариев шаршемби күнү макроэкономика жана инвестициялык саясат боюнча министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери менен координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. 

Кеңешмеде Бишкекте жарыктандыруу тармактарын жаңылоо программасы, Дүйнөлүк Банк тарабынан "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы боюнча долбоорго кредиттик каражаттарды бөлүү маселеси талкууланды. 

"Жыйынтыгында, муниципалитеттин шаарды жарыктандыруу боюнча демилге колдоого алынды. Кеңеш мамлекеттик органдарга борбордун жылуулук тармагын жаңылоо долбооруна алына турган каражаттардын шарттарын карап чыгууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта. 

Кеңешмеде Кыргызстандын 2016-2018-жылдарга каралган бюджеттин орто мөөнөттөгү алдын ала божомолдоолору талкууланып, жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0