Эксперт: АКШ доллары дагы 2-3 сомго арзандашы ыктымал

Жазылуу
Апрелде Америка доллары 63,8 сом болуп, бир ай ичинде ал 58,7 сомго чейин түштү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын наркы түшүп бара жатат. Акыркы айда эле ал 7,6 пайызга арзандады деп билдирет Улуттук банк.

Доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк валюта рыногунан кайтадан долларды сатып алды
Өлкөнүн башкы банкы 8-майда интервенция жүргүздү, башкача айтканда, валюта рыногунан 8 миллион 450 миң доллар сатып алды. Ошондон соң АКШ долларынын абалы бир аз бекемдеп, жума күнү анын орточо баасы сатып алууда 58,5 сом болду. Ага чейин 17-апрелде Улуттук банк валюта рыногунан дагы 20,5 миллион доллар сатып алган болчу.

Республикада 1993-жылы тандап алынган акча алмаштыруунун ийкемдүү курсу күчкө ээ. Бул саясатка ылайык, акча алмаштыруу курсу суроо-талап менен сунуштардын негизинде калыптанат.

Экономика боюнча эксперт Нургүл Акимованын пикиринде, доллардын төмөндөшү жыл мезгилине байланыштуу жана ал жайдын аягына чейин уланат.

"Азыр жазгы талаа иштери катуу жүрүп жатат. Алар үчүн талап кылынган күйүүчү-майлоочу майлар болсо улуттук акча сатып алынат эмеспи. Ошон үчүн азыр долларга суроо-талап анча чоң эмес", — деди эксперт.

Акимова кошумчалагандай, доллардын баасы дагы 2-3 сомго төмөндөйт.

"Жакында туристтик мезгил башталат. Сырттан келген туристтер чет элдик валюталарды жергиликтүү акчага алмашыра баштайт. Бул факт сомдун бекемелишине жакшы таасир кылат", — деп бүтүм чыгарды эксперт.

Азыр америкалык доллардын наркынан март-апрель айларында болгон алып сатарлык үстөк баа жоюлганын белгиледи адис. Буга улуттук банк жүргүзгөн интервенциялар жана экономиканын учурдагы абалы көмөк болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0