Улуттук банк валюта рыногунан кайтадан долларды сатып алды

Жазылуу
Бир ай ичинде доллардын курсу дароо төмөндөдү. Апрель айынын ортосунда Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары бир АКШ долларын 63,9 сомдон сатып алса, 8-майда чет элдик валютаны 58,2 сомдон сатып алышууда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. КРдин Улуттук банкы акыркы үч жумада экинчи жолу валюта рыногунан долларды сатып алды.

Бир ай ичинде доллардын курсу дароо төмөндөдү. Апрель айынын ортосунда Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары бир АКШ долларын 63,9 сомдон сатып алса, бейшемби күнү чет элдик валютаны 58,2 сомдон сатып алышкан. 

Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 11 айда биринчи жолу долларды валюта рыногунан сатып алды
Бейшемби күнү Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногунан 8 миллион 450 миң долларды сатып алды. Бул аракеттен кийин АКШ доллары бир аз күчтөнүп, жума күнү анын сатып алуу баасы 58,5 сом деп белгиленди.

Республикада акча алмаштыруу курсу 1993-жылдан бери эркин тартипте аныкталат. Бул саясатка ылайык, акчанын алмаштыруу курсу коомдун талабына жана сунушуна жараша калыптанат.

Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын жетекчиси Раушан Сейиткасымова буга чейин билдиргендей, доллардын курсунун өйдө-төмөн болушу убактылуу мүнөзгө ээ. Кышында импорттолуучу товарлар – күйүүчү жана майлоочу майлар көп сатып алынгандыктан, чет элдик валютага болгон талап өсөт. Ал эми жайында талап төмөндөйт

17-апрелде Кыргызстандын Улуттук банкы 11 айда биринчи жолу долларды өлкөнүн валюта рыногунан сатып алган. Мындай операциялар акыркы жолу былтыр май айында болгон. Анда валюта рыногунан 20,5 миллион доллар алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0