Кыргызстанда быйыл бир кВт-саат электр-энергиясынын баасы 2,32 сомду түздү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектроэсептегич. Архив
Электроэсептегич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орточо тарифтин өсүшү каражаттын тартыштыгына, импорттун көбөйүшүнө, инфляцияга жана энергокомпаниялардын насыяларынын көптүгүнө байланыштуу экенин Нурбек Элебаев билдирди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда быйыл бир кВт-саат электр-энергиясынын баасы 2,32 сомду түзгөнүн Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Нурбек Элебаев маалымат жыйында билдирди.

Өткөн жылы бир кВт-саат электр энергиясынын баасы 1,24 сом болгон.

Элебаевдин айтымында, киловатт-сааттын эсептөө баасы төмөнкү көрсөткүчтөрдөн турат:

  • электр кубатын иштеп чыгуу жана аны сатып алуу (учурда ал 1,06 сомдон)
  • аны берүү (0,21 сом);
  • бөлүштүрүү (0,44 сом);
  • кошумча нарк салыгы (0,15 сом);
  • бөлүштүрүүчү компаниялардын жоготуулары (0,44 сом).

Департаменттин башчысы белгилегендей, орточо тарифтин өсүшү каражаттын тартыштыгына, импорттун көбөйүшүнө, инфляцияга жана энергокомпаниялардын насыяларынын көптүгүнө байланыштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0