КРдин энергетикалык ишканаларынын 2015-жылдагы чыгымы кирешесинен 8,5 млрд. сомго көп

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги трансформатор. Архив
Бишкектеги трансформатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетикалык ишканалар чыгымдар боюнча планын 26 миллиард сом экендигин билдирди, муну менен эле киреше 17,65 миллиард деп көрсөтүлгөн. Мындай жагдайда импорттоло турган электр кубатынын көлөмүн азайтпай, тескерисинче, көбөйтүү зарыл деп билдирди Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин башчысы.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Энергетикалык ишканалар өздөрүнүн чыгашасы менен кирешесин эсептеп чыкканын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин башчысы Нурбек Элебаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Энергетикалык ишканалардын өкүлдөрү чыгымдар боюнча планын 26 миллиард сом экендигин билдирип, муну менен эле киреше 17,65 миллиард деп көрсөткөн. Мындай жагдайда таңкыстык 8,5 миллиард сомду түздү. 

"Бул таңкыстык өздөрүнүн чыгымдарын жабууга багытталышы керек", — деп айтты ал.

Атамбаев: электр кубатына баа кантип аныкталаарын эл билгенге укуктуу
Элебаев мындай жагдайда импорттоло турган электр кубатынын көлөмүн азайтпай, тескерисинче, көбөйтүү зарылдыгын билдирди.

Электр кубатынын таңкыстыгы, чыгаша Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам болууда. Маселен, апрелдин башында суу көлөмү 12 миллиард кубметр деген план туура эмес чыгып, иш жүзүндө 9 миллиард кубметрди түзүп, өзүн актабай калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0