Назаркулова: Кредит алган жети миң адам мөөнөтсүз митингге чыгууга даяр

Жазылуу
Бейшемби күнү 16-апрелде доллардын курсу кескин түшүп кетиши катталып, эки күндө анын баасы 3-4 сомго төмөндөдү. Бирок бул жагдай доллар менен насыя алгандарды баары бир абалдан куткарбайт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Доллардын курсунун өсүшүнөн алган насыяларын төлөй албай жаткан кыргызстандыктар нааразылык акцияларын уюштурат деп билдирди укук коргоочу Динара Назаркулова.

Эксперт: доллардын курсу төмөндөшү убактылуу көрүнүш
Инфляция, сомдун арзандашы жана насыялоонун жагымсыз шарттары банктардан карыз алгандарды чечкиндүү чараларга барууга мажбурлоодо. Валюталык рыноктогу оош-кыйыштан өз ипотекаларын доллар менен түзгөндөр карызын төлөй албай, баарынан көп кыйналууда. 2014-жылдын аягына карата насыялардын жалпы санынан 57 пайызы доллар менен алынган.

Өткөн аптада, 16-апрель күнү доллардын курсу кескин түшүп кетиши катталып, эки күндө анын баасы 3-4 сомго төмөндөдү. 

Бирок бул жагдай доллар менен насыя алгандарды баары бир абалдан куткарбайт. Алар коммерциялык банктар карыздын көлөмүн бир доллар үчүн 47-48 сом курсунда кайра эсептөөнү талап кылып жатат дейт Насыячыларды коргоо боюнча улуттук комитеттин башчысы Динара Назаркулова.

"Элдер өз турак-жайларын сактап калуулары керек. Эгер жарандар карыздарын төлөй албаса, үстүндө үйү жок калышат. Бул тентимиштерге дагы тентимиштерди кошкон болуп калат", — дейт укук коргоочу. 

Дүйшөмбүдө тегерек стол өтүп, анда банк өкүлдөрү да катышмакчы. Эгер насыя берүүчүлөр менен аны алгандар тил табыша албаса, карыз болгондор мөөнөтсүз митингге чыгууну убада кылууда. 

15-апрелде банктын карыздарлары нааразылык акцияларын уюштурган. Анда 10 чакты адам Ала-Тоо аянтында "Ак үйүдүн" алдында чогулушкан. Расмий уруксаты жок бул митингди милиция токтотту: ага катышкандардын бир нечеси Бишкектин Биринчи май райондук ишчи иштер башкармалыгына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0