Кумтөрдөгү экологиялык көйгөйлөр боюнча сотко 7 млрд. сомдук доо арыз берилген

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЗолотоносный рудник Кумтор. Архивное фото
Золотоносный рудник Кумтор. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөр" кениндеги жер кыртышынын бузулушу, сууну бекер пайдалануу жана таштандылар боюнча 7 млрд. сомдук доо арыз берилген.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Экологиялык инспекция 2013-жылдан бери сотко 4 доо арыз менен кайрылган. Арыздар негизинен жер кыртышынын бузулушу, сууну бекер колдонуу, таштандыларды ыргытууга байланышкан. Бул боюнча сот иши 22-апрелде жана 27-апрелде боло турганын инспекциянын өкүлдөрү парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

Инспекциянын өкүлдөрү ошондой эле, сотко берилген бир да доо арыз кайра артка албагынын маалымдашты.

Депутаттар 2010-жылы "Кумтөр" кенине 16 миң жер аянты берилгенин жана учурда анын тагдыры кандай болуп жатканына кызыгышты. 

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Талант Узакбаев аталган бул жерди кайтарып алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар экенин белгиледи.

"Берилген 16 миң гектар жерде канча кен бар экенин так билбейбиз", — деди ал.

"Кыргызалтын" ААКтын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Кылычбек Шакиров бул маселеге сот гана чекит коё турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0